Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


“Бакай Банктан” жазгы чуркоо: салт, спорт жана коомдоштук! «Бакай Банк Жаз Деми»

17 Апрель 2024

Кечээ 14-апрель күнү өлкөбүздүн борбор калаасында алтынчы жолу «Бакай Банк Жаз Деми» аталышындагы жазгы чуркоо болуп өттү. Салтка айланып калган спорттук иш-чарага 5 чакырымдан баштап 10 чакырымга жана жарым марафондук деп саналган 21 чакырымга чейинки аралыкты чуркап өтүүгө даярданып келишкен  4 миңден ашык адам катышты. Жаш балдар 1 чакырымга чейинки аралыкка чуркоого катышышты.

Иш-чаранын башталышында Башкарманын Төрайымы Үмүт Анарбековна бардык катышуучуларга күч-кубат жана ийгиликтерди каалоо менен бирге кесипкөй спортчуларга жана спорт сүйүүчүлөргө колдоо көрсөтүүгө банк өзгөчө көңүл бурарын белгилеп өттү.

 

«Бакай Банк» – экономикалык ийгиликтерге эле умтулбастан, спортту жана сергек жашоо үлгүсүн өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп келе жаткан банк. Алты жыл катары менен биздин банк «Бакай Банк Жаз Деми» аталышындагы иш-чаранын башкы демөөрчүсү болуп келет. Жыл сайын жаңы бийиктиктерди багынтууга белсенген көптөгөн адамдар катышууда – деди Үмүт Анарбековна.

Банк Башкармасынын Төрайымы андан аркы сөзүндө 2024-жыл олимпиадалык болгондуктан спорт дүйнөсү үчүн өзгөчө жыл экендигин, өлкөбүздүн бир катар спортчуларынын алдын медаль утууга реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин айтып, “Биз Улуттук олимпиадалык комитеттин расмий өнөктөшү болуп саналыбыз жана олимпиадалык идеалдарды сыймыктануу менен колдойбуз. Шаардык иш-чараларга эле эмес, дүйнөлүк спортко дагы колдоо көрсөтүп, спортчуларыбыздын мыкты жыйынтыктарга жетүүлөрү үчүн шарт түзүп келебиз” –деп билдирди.

Төрайым өз сөзүндө жазгы чуркоо күнү биримдиктин у жана банктык кызматтарды, инновацияларды өнүктүрүүнүн символу болуп саналарын айтып, Бакай Банк алдыңкы технологияларды жана продуктуларды сунуштоо менен кардарлардын талаптарын канааттандырууга аракет кылып келерин баса белгиледи.

Банкыбыздын кызматкерлери дагы спортко болгон мыкты даярдыктарын көрсөтүштү. Биздин банктын бизнес-кредиттер андеррайтинги бөлүмүнүн кызматкери  Юлия Морозова жана бизнес-талдоочу Айдай Бейшибекова 10 чакырым аралыкка чуркоодо биринчи орунду багындырышты.

Поделиться