Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


“Бакай Банк” мектеп китепканаларына кыргыз тилиндеги адабий китептерди тапшырды.

05 Июнь 2023

Балдарга билим берүү, каада-салтты сактоо жана мамлекеттик тилди колдоо – эң маанилүү иштер болуп эсептелет, аларсыз өлкөнүн өнүгүүсү мүмкүн эмес. “Бакай Банк” өлкөбүздүн мектеп китепканалары үчүн беш миңден ашуун китепти Билим берүү жана илим министрлигине тапшыруу менен Кыргызстандын келечегине өз салымын кошту.

Тапшыруу азмемине КР Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары жана “Бакай Банктын” Башкармасынын Төрайымы Нургүл Сатарова катышты.

Нургүл Сатарова өз сөзүндө “Бүгүн биз элибиздин тарыхын жана акылмандыгын камтыган «Кыргыз макал, лакап, учкул сөздөр» аталышындагы мыкты жыйнакты кубануу менен тапшырабыз. Бул китеп өсүп келе жаткан муундун өз эне тилине болгон сүйүүсүн арттырып, аларды эне тилге аяр мамиле кылууга үндөйт деп терең ишенебиз – деди. 

Уланбек Усеков өз кезегинде банктын жетекчилигине кыргыз тилинин сакталышына жана өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн банктын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Жакында бүткүл өлкөбүздүн мектептерине, колледждерине жана жогорку окуу жайларына «Кыргыз макал, лакап, учкул сөздөр» жыйнагы бөлүштүрүлүп берилет.

Китептерди тапшыруу “Бакай Банктын” 25 жылдык юбилейине карата уюштурулган “25 жылда – 25 жакшы иш” девизи алдында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында өткөндүгүн белгилеп кетмекчибиз.

Мындан мурда банк өнөктөштөрү менен биргеликте Панфилов районундагы жетим балдар жана ата-энелери кароосуз калтырышкан балдар тарбияланышкан мектеп-интернатка жардам көрсөткөн болчу. Ошондой эле банктын кызматкерлери ушул жылы Бишкек шаарындагы жана Чүй областындагы төрт мектепке эмерек тапшырышты. Бул окуу жайларында 3 миңден ашуун балдар билим алышат.

Поделится