Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Ислам Финансылык Борбору


Ислам финансылык борбору (мындан ары-ИФБ)”— ААК “Бакай Банктын” алдында ачылган жана ислам
каржылоо принциптерине ылайык финансылык кызматтарды сунуштаган Кыргызстандагы жана КМШдагы алгачкы “ислам терезеси” болуп эсептелет. ИФБ Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоого уруксат берген лицензия алды. ИФБ өз
ишмердүүлүгүн “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”
мыйзамына, Улуттук банктын нормативдик-укуктук актыларына жана Ислам финансы мекемелеринин
бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун(ААОИФИ) шариаттык стандарттарына ылайык алып барат.
Биздин максат – өлкөнүн ислам финансы системасынын өнүгүшүнө барандуу салым кошуу. Коюлган
максатка жетүү үчүн жеке жана юридикалык жактарга ислам каржылоо продукттарынын кеңири  топтомун сунуштаган алдыңкы борбор болуу.

ifcenter.kg