Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Акча каражаттарын дүйнө жүзү боюнда дароо которуу

Каражаттарыңызды дүйнөнүн сиз каалаган жерине эсеп ачууга убактыңызды коротпостон туруп тез которгуңуз келеби? Бул үчүн Бакай Банкта бир катар кызматтар сунушталат. Сиз Россияга, КМШ өлкөлөрүнө, жакынкы жана ыраакы чет өлкөлөргө акча каражаттарын которо аласыз. 

Акча которуу боюнча белгилүү системалар сиздин тандооңузга сунушталат, алардын ичинде:

  • Золотая Корона;
  • Western Union;
  • Юнистрим;
  • MoneyGram;
  • Жана башка белгилүү сервистер.

Бакай Трансфер системасы жөнүндө өзүнчө айта кетмекчибиз. Система Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында иштейт. Которууну жалпы кабыл алынган валюталарда эле эмес (рубль, доллар, евро), улуттук валютада дагы жүргүзсө болот. Минималдык комиссия болгону 50 сом. Которуунун максималдык суммасы - бир миллион сомго чейин.

Камтуу

Бакай Банк 130 дан ашуун бөлүмдөн турган кенен филиалдык тармакка ээ. Алар өлкөбүздүн шаарлары жага калктуу пункттары боюнча текши жайгаштырылган. Каалаган бөлүмдөн Кыргызстанга акча которууну тез жүргүзө аласыз. Сизде суроолор пайда болсо, аларга филиалдын кызматкерлеринен жооп ала аласыз. Ар бир төлөм системасынын тарифтери, шарттары, комиссиялары жөнүндө так маалымат менен банктын бөлүмүнөн же сайтынан тааныша аласыз .

Transfer Золотая Корона
Жабуу

Золотая Корона

 

“Золотая Корона – акча которуу» системасы – Россиянын, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн аймагы боюнча 50 миңден ашуун тейлөө пункттарына ээ болгон, эсеп ачуусуз эле дароо акча которуу ыңгайлуулугун сунуштаган тейлөө кызматы. Учурда 550 ашуун банк анын активдүү катышуучусунан болуп саналат.  

«Золотая Корона – акча которуулар» – бул:

  • акча жөнөтүү үчүн 0,95% тартып белгиленген минималдуу тариф;
  • рублде жөнөтүлүүчү каражаттын максималдуу суммасы 600 000,  доллар түрүндө 10 000, ал эми евродо 10 000
  • Контролдоо – “Золотая Корона – акча которуу» сайты аркылуу on-line  режиминде которулган акча  каражатын контролдоп турууга болот.  

 

 «Золотая Корона»  системасы аркылуу акча которуу тарифтери

 

«БАКАЙ БАНКЫ» ААКсынын акча которуу же которулган акчаны алууга шарт түзгөн пункттарынын тизмеси

Банктын бөлүмдөрү
Transfer Бакай Трансфер
Жабуу

Бакай Трансфер

Бакай трансфер

Комиссиялык төлөм:  

Улуттук валютада:которуу суммасынанминималуу комиссиялык төлөм 50 сом  

Чет өлкө валютасында: которуу суммасынанминималуу комиссиялык төлөм  1доллар США; 1 EURO, 200 KZT, 50 RUB).

Валютасы: КРсынын сому,РФнын рубли,АКШдоллары, Евро, казактеңгеси                       

Камтуу чөйрөсү:  Кыргыз Республикасы боюнча

Максималдуу которуу суммасы1 000 000 сомго, 700 000 рублге, 20 000$АКШ долларына,15 000 еврого, 3 000 000 теңгеге чейин.

 

Филиалдар жана банкоматтар

Банктын бөлүмдөрү
Transfer Western Union
Жабуу

Western Union

Western Union

 «БАКАЙ БАНКЫ»ААКсы дүйнө жүзү боюнча тез жана ыңгайлуу шарттарда акча которуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт!

WESTERN UNION-бул:

  • 550 ашуун тейлөө пункттарына
  • 200 ашуун өлкөдө пункттарга
  • Жалпы жүгүртүүсү 150 миллиард доллардан ашкан
  • Тарифи2АКШдолларынан тартып, андан жогору белгиленген
  • Максималдуу жөнөтүү суммасы7 500$ түзгөн ыңгайлуу система.

Которуу тарифтери

Которуу статусун билүү

Банктын бөлүмдөрү
Transfer CONTACT
Жабуу

CONTACT

CONTACT

CONTACT – бул система1999-жылдан тартып жөнгө салынып, Россиянын алгачкы акча которуу системасынан болуп саналат. CONTACTсистемасы учурда Россия, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерде кеңири колдонулуп жаткан акча которуу системаларынын ичинде алдыңкы саптагы лидердин бири. Россиянын аймагында иштеп жаткан жана дүйнө жүзү боюнча  900 ашуун финансылык институттар CONTACT системасынын жигердүү өнкөтөшүнөн болгон болсо, анын эл аралык түйүнү 170 көп өлкөнүн 500 ашуун тейлөө пунктун – банктык бөлүмдөрдү, төлөм терминалдарын, банктык төлөм агенттерин ж.б. өзүндө камтайт. 

"БАКАЙ БАНКЫ" ААКсынын кеңселеринде жөнгө салынган CONTAC төлөм системасынын жардамы менен эсеп ачуусуз эле, эң эле жөнөкөй жол-жоболор боюнча арзан баада акча которуп, которулган акчаны тез арада алууга болот:

  •  акча которууга тариф0.75% башталат;
  • дүйнө жүзү боюнча – Кыргызстан, Россия,жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр – бардыгы болуп170өлкө;
  • рублде жөнөтөлүүчү каражаттын максималдуу суммасы600 000 , долларда20 000, евродо20 000;
  • РФнын рублинде, АКШдолларында жанаевродо;
  • төлөөлөр –которулган акчаныCONTACTтын Кыргызстандагы, Россиядагы,жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү кайсыл болбосун пунктунан алууга болот.

Системанын негизги артыкчылыктары:

  • Пайдалуу жагы – банктын кызмат көрсөтүүсүнө жөнөтүүчү төлөп берет. Ал эми которулган акчаны төлөп берүү акысыз ишке ашырылат.
  • Ыңгайлуулугу – акча которуу үчүн банктын реквизиттерин толук жазуунун деле зарылчылыгы жок, болгону тиешелүү өлкөнү атап, алуучунун аты-жөнүн билдирүү гана жетиштүү.

 

  • Тездиги -  акча которуу жол-жобосунун жөнөкөйлүгү, ал болгону бир нече мүнөттү талап кылат жана мында, тиешелүү бланкты толтуруп олтуруунун да кажети жок.
  • Ишенимдүүлүгү – акча котроруу коопсуздугу маалыматты коргоо жагындагы алдыңкы технологияларды камтыган атайы программалык комплекс менен камсыз кылынган.

 

Бул жерде ошондой эле, Onlineкоторуу статусу тууралуу да билүүгө болот

Сайттын расмий баракчасы

Банктын бөлүмдөрү
Transfer Юнистрим
Жабуу

Юнистрим

Юнистрим акча которуу системасы рынокто 2001-жылдан тартып пайда болуп, анда түптөлгөн жагдайга кылдат талдап - иликтөөлөрдү жүргүзүү аркылуу ошол учурда рыноктун негизи оюнчулары сунуштаган акча которуу тарифтеринин өтө эле жогору белгилениши ыңгайсыздыгынан улам көпчүлүк жарандар үчүн анын алгылыксыз экендигин түшүнүп, башка төлөө шарттарын сунуштоо менен ишенимдүү которуу системасына айланган.Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө которуу суммасынан 1% өлчөмүндө минималдуу комиссиялык төлөмдү белгилөө менен кардарларга алгылыктуу шарт түзүп, алардын ишенимине жана татыктуу абройго ээ болгон. 

Юнистрим -  КМШ өлкөлөрүнө, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө эсеп ачуусуз эле дароо  акча которуу мүмкүнчүлүгү.

 

Юнистрим акча которуу системасынын жардамы аркасында "БАКАЙ БАНКЫ" ААКсынын кеңселеринде эсеп ачуусуз эле дароо акча которуп, которулган акчаны алуу ыңгайлуулугу жөнгө салынган:

  •  акча которууга тариф 1% башталат;
  • дүйнө жүзү боюнча – Кыргызстан, Россия,жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр – бардыгы болуп150ашуун өлкө;
  • рублде жөнөтөлүүчү каражаттын максималдуу суммасы 600 000 ,10 000 АКШ доллар,10 000 евро
  • РФнын рублинде, АКШдолларында жанаевродо;
  • төлөөлөр –которулган акчаны Кыргызстанда, Россияда,жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү кайсыл болбосун пункттан алууга болот.

 

Которуустатусун билүү

Компаниянын расмий сайты

Которуу наркын билүү жана комиссиялык төлөмдү эсептөө

Банктын бөлүмдөрү
Transfer MoneyGram
Жабуу

MoneyGram

MoneyGram –бул, тез арада ишенимдүү негизде эл аралык акча которууларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү. MoneyGramаркылуу которулган акчаны да оңой эле алууга болот, анткени ал дүйнө жүзүнүн 200 ашуун өлкөсүндө кеңири тараган бөлүмдөргө ээ.

 

Шарттары:

 

  • Которуу валютасы:АКШ доллары (USD)
  • Которуу наркы*: 3 $дан башталат
  • Maксималдуу которуу суммасы- 10 000$ чейин
  • Которуу тездиги – бир нече мүнөт ичинде
  • Которуу статусу жөнүндө маалыматты MoneyGram системасынын сайтынан алууга болот.       

Системада белгиленген бирдиктүү тариф жок. Ал которуу суммасына, каражат кайсыл өлкөгө которулушуна, кайсыл өлкөдөн алынышына жана которуу учурунда жүрүп жаткан атайы тарифтер белгиленген акцияларга жараша белгиленет. Ошондуктан, ар бир айкын учурдагы которуу суммасына тарифтерди банктын бөлүмдөрүнөн акча которуу учурунда билип алуу талап кылынат.

Которуу статусун билүү

Төлөм системасынын сайты

Банктын бөлүмдөрү
Transfer RIA Money Transfer
Жабуу

RIA Money Transfer

Ria Money Transfer рынкко1987-жылдан бери аралашуу менен жыл ичинде жүгүртүүсү$575 миллиардка жеткен эл аралык акча которуулар боюнча дүйнөлүк үч лидердин катарына кирет жана ааламдагы алты континенттин 150 өлкөсүндө350 000ашуунпункттарга ээ болгон глобалуу түйүн болуп санлат.

 

Ria –бул,Европа, АКШ, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө эң эле алгылыктуу тарифтер боюнча тез акча которуу ыкмасы.

Ria аркылуу жакындарың жаныңда...

Ria Money Transferдин артыкчылыктары:

  • которулган акчаны саналуу мүнөт ичинде эле алууга болот;
  • чет өлкөлөргө акча которуу евродо/АКШдолларында жүргүзүлөт;
  • комиссиялык төлөм акчанын кайсыл өлкөгө которулушуна жараша которуу суммасынан1-3% түзөт;
  • .

Ria Money Transfer аркылуу акча которуулар коммерциялык болуп саналбайт!

 Компаниянын расмий сайты

 Которуу статусуна көз салуу

Банктын бөлүмдөрү
Transfer Сбербанк Онлайн
Жабуу

Сбербанк Онлайн

Сбербанк Онлайн тиркемеси боюнча которуулар Бакай Банктын Bakai24 тиркемесинде авторизацияланган кардарлар үчүн жеткиликтүү. Азыркы учурда Сбербанк Онлайн тиркемесинен Бакай Банктын кардарына жөнөтүүгө болот, бирок артка жөнөтүү жеткиликтүү эмес.

Тарифтер жана лимиттер

Рубль менен жөнөтүлгөн которуу үчүн комиссия -  которуунун суммасынын 1 пайызын түзөт, эң азы 30 рубль.

Лимиттер:

  •  1 которуу 150 000 рублга чейин
  •  1 күн үчүн которуунун суммасы - 150 000 рублга чейин
  •  1 ай үчүн которуунун суммасы - 1 500 000 рубль

Нускама

1-кадам. Сбербанк Онлайн тиркемесин ачыңыз жана «‎За рубеж» төлөмүн тандаңыз.

2-кадам. «‎По номеру телефона на карту/счет» сабын тандаңыз.

3-кадам. “Направление перевода — Киргизия” сабын тандаңыз.

4-кадам. “Бакай Банк” сабын тандаңыз.

5-кадам. Керектүү талааларды: алуучунун Bakai24 тиркемеси кошулган +996ххххххххх форматындагы телефонун, сумманы жана валютаны толтуруңуз. Маалыматтарды кылдат текшерип чыгып, которууну тастыктаңыз.

Сиздин которууңуз ишке ашырылды. Акча каражаттарынын эсепке келип түшкөндүгүн Bakai24 тиркемеси аркылуу текшерсе болот.

Байланыш-борбору:

6111  (уюлдук телефондордон)

 

Банктын бөлүмдөрү
Transfer UPT
Жабуу

UPT

Бакай Банктын UPT компаниясы менен кызматташуусу биздин кардарларыбызга Турциядан каражаттарды өзгөчө пайдалуу баада тез жана натыйжалуу которуу мүмкүндүгүн берет.

Uncostly Payment Transfer системасы 2010-жылы негизделген жана Турцияда акча каражаттарын которуу боюнча эл аралык кызматтардын мыктысы болуп саналат.
UPT – бул Турцияда өз кардарларына банктык эсептерге которуу, бүткүл дүйнө жүзү боюнча нак акча каражаттарын чегерүү жана алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган алгачкы компания болуп саналат.

UPT компаниясы бардык беш континент боюнча эки жүздөн ашык өлкөлөрдө 400 000 миңден ашуун тейлөө пункттарына ээ.

Бүгүнкү күндө UPT компаниясы Турциянын ири инвестициялык банкы болуп саналган Aktif Bank банкынын туунду компаниясы болуп саналат.

«БАКАЙ БАНК» ААКтын акча каражаттарды жөнөтүүгө же акча которууну алууга мүмкүн болгон пункттарынын тизмеси

Банктын бөлүмдөрү
Transfer Кыргызстанга Тинькофф тиркемеси аркылуу которуулар
Жабуу

Кыргызстанга Тинькофф тиркемеси аркылуу которуулар

Бакай Банк – Кыргызстандын финансылык секторунун лидерлеринин бири болуп саналат. Банк ар дайым өнүгүүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин, сапатын тынымсыз жакшыртуунун үстүндө иш алып барууда. Биз Борбордук жана Чыгыш Европанын эң инновациялык санариптик банкы болуп саналган Тинькофф Банк менен өнөктөш болгондугун кубануу менен билдиребиз (Global Finance, 2021).

Эми Бакай Банктын кардарлары Россиядан Кыргызстанга Тинькофф мобилдик тиркемеси аркылуу ыңгайлуу жана пайдалуу акча которууларды жүргүзө алышат. Акча каражаттарын тез жана комиссиясыз жөнөтүү үчүн алуучунун Бакай Банктын картасына же эсебине бекитилген телефон номери гана керек. Которууларды бир нече чыкылдатып басуу менен жүргүзүңүз!

Алгач Тинькофф тиркемесин жүктөп алып, ага кириңиз. Андан кийин “Платежи” бөлүмүндөгү “Перевод по телефону” сабын басыңыз, тиркеме Сизге телефондогу байланыш номерлерин сунуштайт.

Ачылган экрандагы байланыш номерлеринен алуучунун номерин тандаңыз же акча жөнөтүлүшү керек болгон Кыргызстандын желегинин белгисин басыңыз.

Андан соң акча каражаттарын которгуңуз келген алуучунун телефон номерин киргизиңиз. Эгерде байланыш номеринде жок болсо, кол менен терип киргизиңиз.

Которуу үчүн жеткиликтүү болгон банктардын тизмесин көрөсүз. Бакай Банкты тандаңыз, алуучу үчүн сумманы сом же рубль түрүндө киргизиңиз, экранга конвертациянын учурдагы курсу чыгат.

Эгерде которуу үчүн комиссия алына турган болсо, экранда алына турган сумманын жанында көрсөтүлөт. Зарыл учурда алуучуга билдирүү жазыңыз. Которууну тастыктаңыз.

Бардыгы даяр! Которуу аткарылды.

Акча каржаттары көз ачып жумганча жеткирилет жана аларды алуу үчүн банктын бөлүмдөрүнө баруунун кереги жок. Эң кызыгы, айына 20 000 рублга чейинки которуулар эч кандай комиссиясыз жүргүзүлөт! Ал лимиттен ашкан учурда комиссия которуунун суммасынын 1 пайызын түзөт.

Алуучу которулган акча каражаттарын банктын бөлүмүнө барып отурбастан эле пайдалана алат. Бакай Банктын кардарлары үчүн Тинькофф тиркемеси менен акча каражаттарын которуу – тез, ыңгайлуу жана пайдалуу!

Банктын бөлүмдөрү
Transfer МТС Банктан Бакай Банкка которуулар
Жабуу

МТС Банктан Бакай Банкка которуулар

Эми Бакай Банктын кардарлары Россиядан акча которууларды МТС Банк аркылуу ала алышат. Которууну жөнөтүү болгону бир нече кадам менен ишке ашырылат:

1. МТС Банктын тиркемесин ачыңыз.
2. «Платежи» экранынан «За рубеж» сабын, андан кийин «Перевод по номеру телефона, карты или счета» сабын тандаңыз.
3. Бакай Банк Кыргызстан - тандаңыз
4. +996 форматындагы телефон номерин киргизиңиз жана которуунун суммасын көрсөтүңүз.
5. Бардыгы даяр!

Акча каражаттары ошол замат, конвертациялоо курсу боюнча которулат. Которуу үчүн комиссия 0%.

Бакай Банк,
Эң ириде кубаттуу банк!

Банктын бөлүмдөрү
Transfer Астрасенд
Жабуу

Астрасенд

Астрасенд

Астрасенд бул – Россияда түзүлгөн, акча которуунун сапаттуу, тез жана жеткиликтүү сервисин сунуштоого багытталган эл аралык Төлөм Системасы

  • Жеке адамдар ортосундаг которуулар.
  • Келип түшкөн которуулар Банктын кайсы болбосун бөлүмдөрүнөн берилет.
  • Которулган каражаттар кыргыз сому же орус рубли менен берилет.
  • Комиссияны жөнөткөн адам төлөйт.

Которулган каражаттарды кантип алса болот?

  • каражаттарды алуучу адам паспорту жана которуунун коду менен Банктын кайсы болбосун бөлүмүнө кайрылуусу керек.

 

Бакай Банк,
Эң ириде кубаттуу банк!

Банктын бөлүмдөрү
Transfer PLUSPAY
Жабуу

PLUSPAY

PLUSPAY 2017-жылы негизделген. Кардарлар үчүн ыңгайлуу баадагы жеткиликтүү сервистерди жана продуктуларды түзүү – компаниянын негизги милдети болуп саналат.

PLUSPAY акча которуулары жана төлөмдөрү:

  • жеке адамдарга эсеп ачпастан туруп нак акча каражаттарын жөнөтүү жана берүү;
  • Которуулар жана төлөмдөр россия рубли менен ишке ашырылат.  

Компаниянын расмий сайты

Которууну кантип жөнөтүү керек

Которууну кантип алуу керек

Банктын бөлүмдөрү